Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/5
Барпы айыл өкмөүнүн Үлгү айылынын токой участкасындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен логистикалык борбор куруу максатында 20,0 га жер аянтын трансформация кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХII сессиясынын кун тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А,Сыргабаевдин 2018-жыл 09-октябрындагы чыгыш №01-34/570 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Үлгү айылынын токой участкасындагы № 85,89,91,92 контурлардагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен логистикалык борбор куруу максатында 20,0 га жер аянтын трансформация кылууга уруксат берилсин.
2. Транцформация кылууга тандалган 20,0 га жер аянтынын документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сыргабаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |