Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/6
Барпы жайыт комитети тарабынан 2017-2018-жылдарда “ АРИС”тин долбоорунун жана Барпы жайыт комитетинин каражаты менен каржыланып, курулуп бүткөрүлгөн курулуш обьектилерин кабыл алуу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХII сессиясынын кун тартиби Барпы жайыт комитетинин төрагасы: А. Каржоодиевдин Барпы жайыт комитети тарабынан 2017-2018-жылдарда “ АРИС”тин долбоорунун жана Барпы жайыт комитетинин каражаты менен каржыланып, курулуп бүткөрүлгөн курулуш обьектилерин кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Беш-мойнок айылындагы малдарды вакцинация жасоочу жай жана койлорду купкага салуучу орундук Барпы жайыт комитетинин эсебине алынсын.
2. Барпы айыл аймагындагы Өнгү участкасындагы малдар суу иче турган ( водопой) Барпы жайыт комитетинин эсебине алынсын.
3. Тиешелуу документтерди даярдоо жана курулуштарды эсепке алуу ишин жүргүзүү Барпы жайыт комитетинин төрагасы: А. Каржоодиевге жүктөлсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |