Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/7
Барпы айыл өкмөтүнүн Өнгү участкасындагы аска таштарды өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Механикалаштырылган базасы мекемесинин башчысы А.Бекиловдун кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын кун тартибиндеги Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаалдар көп катталгандыктан, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин тез арада жоюу максатында ыкчам чараларды көрүү үчүн Барпы айыл өкмөтүнун Өнгү участкасынан аска таштарды алуу үчүн 2018-жылдын 16-октябрдагы №91 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчо кырдаалдардын кесепетин тез арада жоюу максатында ыкчам чараларды көрүү үчүн Барпы айыл өкмөтүнүн Өнгу участкасынын №1026- контурунан 4,0 га жер аянтын аска таштарды алуу үчүн уруксат берилсин.
2. Өнгү участкасынын №1026- контурундагы 4,0 га жер аянтынан аска таштарды алууда тийиштүү жогорку органдардан уруксат кагаздарын алуу жагы Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Механикалаштырылган базасы мекемесине жүктөлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге жуктөлсун.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |