Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/9
Ачы айылындагы Калил Осмонов атындагы жалпы билим берүүчу орто мектеп жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХII сессиясы кун тартибиндеги Ачы айылындагы К. Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин окуучуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1(бир) тонналык суу сактагыч идиш сатып алууга каражат бөлүп берүүнү сурап жазган К. Осмонов жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ш. Аятовдун 17.08.2018-жылдагы №КЛ-246 сандуу жана Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 05.09. чыгыш № 01-34/456 сандуу катын угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачы айылындагы К. Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин окуучуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1 (бир) тонналык суу сактагыч идиш сатып алууга Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каражат бөлүнуп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сыргабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |