Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/10
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бекитилген чыгаша пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бекитилген чыгаша пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Барпы айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата айылдарда социалдык инфструктураларга муктаждыктарды эске алып 2018-жылдын бекитилген чыгаша пландарына төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
- айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын жабууда кошумча жумуштарды аткаруу үчүн жана көчмөндөр оюндарына катышууга башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинен 300,0 мин сом азайтылып, 2211 беренеси 60,0 мин сомго, 3111 беренеси 240,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
- Таштак айылына тротуар куруу үчүн жана АРИС проектиси менен техника сатып алууга кошумча каражат керектигине байланыштуу ошондой эле ТКЧ ( турак жай комуналдык чарбасы) бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин эмгек акысы аз болгондуктан Ай-нуру мумкунчулугу чектелген балдарды тарбиялап жаткан мугалимдерге жергиликтуу бюджет эсебинен эмгек акы төлөө үчүн, маданият бөлүмүнүн 2221 беренеси 50,0 мин сомго, билим беруу бөлүмү 2221 беренеси 67,0 мин сомго, 3111 беренеси 456,6 мин сомго ТКЧ бөлүмунун 2221 беренеси 326,6 мин сомго 2214 ,беренеси 85,1 мин сомго, 2222 беренеси 300,0 мин сомго
жалпысы 1285,3 мин сомго азайтылып, ТКЧ бөлүмүнүн 3111 беренеси 793,6 мин сомго, 3112 беренеси 125,0 мин сомго 2111 беренеси 24,0 мин сомго , 2121 беренеси 4,1 мин сомго, 70961 бөлүмүнүн 2111 беренеси 84,0 мин сомго, 2121 беренеси 14,5мин сомго 70911 болумунун 3112 беренеси 75,0 мин сомго, 70921 бөлүмүнун 2231 беренеси 165,1 мин сомго жалпысы 1285,3 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Бекитилген бюджеттик чыгымдарга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы эске алынсын.
3. Бекитилген бюжеттик чыгымдарга пландарды тактоо жагы Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын козомөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |