Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/11
Барпы айыл өкмөтүнун 2018-жылдын бекитилген киреше жана чыгаша пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча тушкон кирешелерди жумшоо жөнүндө айыл өкмөтүнүнн башчысы А.Сыргабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча түшкөн салыктардын, киреше салыгынын планы 200,0 мин сомго, ыктыярдуу патент салыгынын планы 200,0 мин сомго, КБФнун жерлеринен топтолуучу аренда акылардын планы 564,1 мин сомго жалпысы киреше бөлүгүнүн планы 964,1 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык пландан ашыкча түшкөн каражаттар Таштак, Төбөй айылында курулуучу тротуарлардын курулушуна жумшалып, 70629 бөлүмүнун 3111 беренеси 964,1 мин сомго көбөйтүлсүн.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
4. Бекитилген бюжеттик чыгымдарга пландарды тактоо жагы Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |