Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-декабры № 54
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында , “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө” кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Типтүү жобону бекитүү жана комиссия курамын түзүү боюнча маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында , “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө” кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Типтүү жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй болуп 11 адамдан түзүлсүн жана комиссия курамына
Кошоев Нуртемир- Көтөрмө шайлоо округунун депутаты,
Касымбаева Назгүл-Кара Жыгач шайлоо округунун депутаты,
Аскарбеков Расул – Торкен шайлоо округунун депутаты,
Мананов Шыкмамат- Калинин шайлоо округунун депутаты,
Өмүрбаева Барчынай – Айыл өкмөтүнүн кызматкери,
Кебеков Тилеген – Айыл өкмөтүнүн кызматкери,
Турукменов Жийдебек – Торкен айылынын тургуну, жеке ишкер,
Тумонбаев Абдишер- Көтөрмө айылынын тургуну, врач,
Алжакев Ашымжан- Торкен айылынын тургуну, жеке ишкер,
Осмонкулов Барсбек – Торкен айылынын тургуну,
Мараимов Болотбек – Кара Жыгач айылынын тургуну киргизилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www. Тorken.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. Бучуков |