Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-декабры № 55
Айыл чарба кооперативдик системасын түзүү жана өнүктүрүүдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында “Шаймерден” кооперативин түзүү боюнча.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 237-Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын түзүү жана өнүктүрүүдө “Шаймерден” кооперативин түзүү боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба кооперативдик системасын түзүү жана өнүктүрүүдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында “Шаймерден” кооперативи түзүлсүн.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |