Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 08 июну № V-6
Шекафтар айылынын Тулпар- Булак көчөсүнө С.Акишевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Шекафтар айылынын «Тулпар-Булак» көчөсүнүн тургундарынын чогулушунда көчөгө маркум Акишев Сатылгандын ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимге макулдук берүү жагы Сумсар айылдык Кеңешинен суралган.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Сумсар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекафтар айылынын “Тулпар-Булак” көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун көчөгө маркум Акишев Сатылгандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү чечимине макулдук берилсин, көчөгө Акишев Сатылгандын ысымы ыйгарылсын.
2. Шекафтар айлынын “Тулпар-Булак” көчөсүнө маркум Акишев Сатылгандын ысымын ыйгарылышына байланыштуу көчөнү жана көчөдөгү турак үйлөрдү тиешелүү тактайчалар менен камсыз кылуу Сумсар айылдык Кенешинин депутаты Бийчиев А.О. курамында турган демилгелүү топко макулдашы менен тапшырылсын.
3. Токтом расмий түрдө жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сумсар айылдык Кенешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комисссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Полотов |