Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы № 2
2004-жылы айыл өкмөтүнүн балансына катталып калган үйлөр жөнүндө
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы эске алынсын
2. 2004-жылы системалык каттоодо белгисиз себептер менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталып калган үйлөр жер ээлеринин менчигине кайтарылып берилсин, үйлөрдүн документтерин даярдоо Ноокен райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн орун басарына милдеттендирилсин
Төрага | А.Бекибаев |