Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-майы № 7
Шамалды-Сай Темир жол бекетине жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-статьясынын 4-пункутуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтомуна негиз Достук айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалды-Сай Темир жол бекетинин башчысы Т.К.Эшиевдин маалыматы эске алынсын
2. Шамалды-Сай Темир жол бекетине Бакыт көчөсү менен Темир жол бекетинин ортосундагы айыл чарбасына жараксыз жерден 2,36 га жер тилкеси бекитилип берилсин
3. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн орун басарына жүктөлсүн
Төрага | С.Ташбаева |