Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-сентябры № 2
Достук айыл өкмөтүнүн турак жай боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-июлундагы 12-сессиянын № 6 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы 571 сандуу токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү жобонун талаптарына туура келбегендиктен жокко чыгарылсын
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин
Төрага | Э. Мансиркулов |