Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-сентябры № 3
Шамалды-Сай айылынын Келечек, Достук айылынын Токтогул көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалды-Сай айылынын Келечек, Достук айылынын Токтогул көчөлөрүнө асфальт төшөө приоритеттүү деп табылсын
2. Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шамалды-Сай айылынын Келечек көчөсүнө өздүк салым 374895,0 (үч жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз токсон беш) сом, Достук айылынын Токтогул көчөсүнө өздүк салым 233300,0(эки жүз отуз үч миң үч жүз)сом акча каражаты асфаль төшөө үчүн ажыратылып берилсин
3. Акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөтунүн ФЭБ башчысы У.Бегбаевага жүктөлсүн
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
Төрага | Э. Мансиркулов |