Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-сентябры № 7
Шамалды-Сай айылынын № -18 балдар бакчасын жана Кызыл-Туу айылынын № 25 - балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалды-Сай айылынын № 18 - балдар бакчасын жана Кызыл-Туу айылынын № - 25 балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү приоритеттүү деп табылсын
2. Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шамалды-Сай айылынын № - 18 балдар бакчасынын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салым 2 641 588 (эки миллион алты жүз кырк бир миң беш жүз сексен сегиз) сом акча каражаты жана Кызыл-Туу айылынын № - 25 балдар бакчасынын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2 630 015 (эки миллион алты жүз отуз миң он беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөтунүн ФЭБ башчысы У.Бегбаевага жүктөлсүн
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
Төрага | Э. Мансиркулов |