Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 1
Момбеков айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосун бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
төмөндөгү комиссия курамы бекитилсин:
Жакыбалиева Б -жер боюнча башкы адис
Арапов Б -мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы
Нусупов К -агарар маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Мурзакматова З -финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
Молошов Д -жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Мусурманкулов Т -социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы
Ардагерлер кенешинин төрагасы
Аксакалдар сотунун төрагасы
9) Аялдар кеңешинин төрайымы
10)Айылдык кеңештин депутаттар бекитилген чек аралары боюнча
11)Айыл башчылары жеринде
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |