Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 2
Чек айылындагы тыт бакты кыйып алып, ордуна Павловния жана мөмөлүү бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилиндеги “Биримдик, ишеним, жаратмандык” Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү программасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-мартындагы № 145-токтомун, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 11-июнундыга № 218-буйругун аткаруу боюнча мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы таза көчөттөрдү өстүрүү боюнча багбанчылыкты өнүктүрүү максатында айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Азыркы учурда тыт киреше алып келбегендигине байланыштуу ижарачылардын макулдугунун негизинде Чек айылындагы 3 га тыт бакты кыюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Кочкор-Ата аймактык башкармалыгынан суралсын.
3. Тыт бактын ордуна инновацилык (киреше) алып келүүчү Павловния жана мөмөлүү бак дарактардын көчөттөрүн 20 жылдан кем эмес мөөнөткө отургузууга уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |