Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 3
Дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жазгак айылындагы “50 орундуу балдар бакчасына котельный, 15 м.куб кудук, сырткы канализация, жылуулук түтүгү, навес жана оюн аянтчасын куруу жана айланасын тосмолоо” долбооруна 1475238 сом “Жаңы конуштардын жолдорунун нугун чыгаруу” долбооруна 1414977 сом жалпысы болуп 2890215 сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |