Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 4
2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдыктарды көрүү үчүн айылдардын план схемасын даярдатууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-дылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Респуликасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690-токтомун турмушка ашыруу максатында айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. 2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдыктарды көрүү үчүн айылдардын план схемасын даярдатууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 39760 миң сом жана айыл Өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча үйлөпгө катар номер жасатууга 250,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Айылдардын план схемасын даярдатуу жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
4. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |