Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 6
Бостон айылындагы таштанды таштоочу жайдын айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданын ордун толуктоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5-январь 2016-жылдагы № 1-токтомунун таянып жана экотехинспекциясынын актысынын негизинде айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бостон айылынын таштанды таштоочу жайдын айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданын ордун толуктоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 182952 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |