Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 7
Чек айылдындагы мектепке жана Курулуш айылындагы кичи футбол аянтчасына ПСД даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Чек айылдындагы мектепке жана Курулуш айылындагы кичи футбол аянтчасына ПСД даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектелүүчү акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |