Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 9
Бостон айылындагы подстанцияга баруучу жолду Жалал-Абад ПВЭС Бостон ПС “Избаскент” ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Машраповдун каты боюнча райондук шаар курулуш жана архитектура башкармасынын корутундусунун негизинде айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бостон айылындагы подстанцияга баруучу жолду Жалал-Абад ПВЭС Бостон ПС “Избаскент” ишканасына 2046,0 м.кв. жер аянтын жер укугунан мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
3. Бостон айылындагы подстанцияга баруучу жолдун эки тарабындагы тыттарды кыюуу үчүн Жалал-Абад экологиялык башкармалыгынан уруксат суралсын.
4. Жолдун боюндагы үлүштүк жерлерге зыяны тийбей турган абалда жолдун четиндеги арыктарды бетондоп, Ош-Бишкек жолунан подстанциянын ичиндеги үйлөргө чейин жолду асфальттоо жагы Бостон ПС “Избаскент” ишканасына жүктөлсүн.
5. Жолго шлагбаум орнотууга уруксат берилбесин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |