Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 10
“Момбеков” таза суу бирикмесин айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
“Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдагы № 2-февралындагы № 59-токтомун турмушка ашыруу максатында айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Момбеков” таза суу бирикмесинин балансында турган бүт активдери, кийинки курулган курулмалары (негизги каражаттар) айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн жана айыл өкмөт менен таза суу бирикмесинин ортосунда баланска өткөрүп берүү боюнча эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |