Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 11
Момбеков айыл аймагында жайгашкан орто мектептердин, бала бакчалардын, ГСВ, ФАПдын тушуна жана эски Кочкор-Ата айылына кеткен жолго жасалма тегиз эмес жол (лежачий полицейский) орнотуу жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын
маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагында жайгашкан орто мектептердин, бала бакчалардын, ГСВ, ФАПдын тушуна жана эски Кочкор-Ата айылына кеткен жолго жасалма тегиз эмес жол (лежачий полицейский) орнотууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |