Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №13/2
Орто-Нура айылындагы ветеринардык мал дарылоо бөлүмүнө ат берүү жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургундарынын 1-июль 2018-жылы №4 токтомунун негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургундарынын1-июль 2018-жылдагы №4 токтому бекитилсин.
2. Жаңы курулган Орто-Нура айылындагы ветеринардык мал дарылоо бөлүмүнө ушул эле айылдын тургуну (маркум) Асанбеков Макештин ысымы берилсин
3. Асанбеков Макештин үй-бүлөөсүнө мал дарылоо бөлүмүн ички мебелдери менен көмөк кылып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп туруу милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |