Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-июлу №4
Катышкан адамдардын саны 54 Чогулуштун төрагасы: К.Молдогазиев катчысы: М.Жусубалиева
Күн тартибиндеги каралуучу маселе: Орто-Нура айылындагы ветеринардык мал дарылоо бөлүмүнө ат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча чогулуштун төрагасы К.Молдогазиев төмөндөгүлөргө токтолду: Жолдоштор бүгүн айылыбыздагы жаңы салынып бүткөн ветеринардык мал дарылоо бөлүмүнө ат берүү үчүн чогулуп отурабыз. Мал дарылоо бөлүмүнө айылыбыздын өнүгүшүнө эмгеги сиңген Асанбеков Макеш атабыздын атын берүүнү сунуш кылам. Кимде дагы кандай сунуштар бар.
Сөз алып сүйлөгөндөр: Т.Бейшалиев
Айыл башчы туура айтат. Мал дарылоо бөлүмүнө Асанбеков Макеш атабыздын атын бергенибиз эле туура. Ал кишини тааныбаган киши жок. Бул эле айылга эмес өрөөн боюнча иштеп, эмгеги сиңген.
Жыйналыштын катышуучулары дагы мал дарылоо бөлүмүнө Асанбеков Макештин атын берүүгө бир добуштан макулдуктарын беришти.
Жогорудагы каралган маселени угуп жана талкуулап, Орто-Нура айылынын жалпы элдик чогулушу токтом кылат:
Жаңы курулган Орто-Нура айылындагы мал дарылоо бөлүмүнө Асанбеков Макештин ысымы берилсин.
Токтомду бекитип берүү жагы Чет-Нура айылдык Кеңешинен суралсын.
Жыйналыштын төрагасы: К.Молдолгазиев
Катчысы: М.Жусубалиева