Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №14/2
Чөпкө чабылган аянтты арпа аянтынан бир жылдык чөп аянтына которуп берүү жөнүндө
2018-жылы 481 гектар арпа өсүмдүгү айдалган дыйкандардын жер үлүшү аз болгондуктан жана малдын башы өсүп, тоюттун запасын даярдоо максатында 211 гектар арпа чөпкө чабылган. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын 12-август 2018-жылдагы актысынын негизинде 211 га арпа аянты 1 жылдык чөп аянтына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |