Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №14/4
Нарын районундагы өнүктүрүү фондунун долбооруна Чет-Нура айыл аймагында демилгелүү топтор аныктап чыккан көйгөйлөрдү аныктап берүү жөнүндө
Нарын районундагы өнүктүрүү фондунун долбооруна Чет-Нура айыл аймагында демилгелүү топтор аныктап чыгып, элдик жыйналышта көпчүлүк аркылуу жактырылып, конкурстук комиссияга артыкчылык берилип Орто-Нура айылында жайгашкан ҮДТ имаратынын жылытуу системасын кайра жаңылоону бекитип берүү максатында Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун өнүктүрүү фондунун долбооруна Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылында жайгашкан №5 ҮДТнын имаратынын жылуулук системасын кайра жаңылоо жагы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |