Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 23
Токтогул атындагы орто мектебинен чыгарылып алынган курулуш материалдар боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, “Бюджеттик Кодексине” ылайык, Кыргыз Республикасында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) шаарларды өнүктүрүү долбоорунун негизинде Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлуп жаткан Токтогул атындагы орто мектебинен чыгарылып алынган курулуш материалдарын көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимин, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 28.11.2018-жылдагы чыгыш № 01-34/652 сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул атындагы орто мектебинен чыгарылып алынган курулуш материалдары төмөндөгү баада сатылсын:
13 (бир куб) полдук жыгач - 7000 сом;
13 (бир куб) отундук жыгач – 2500 сом;
1 даана кирпич – 8 сом;
батареянын 1 секциясы – 250 сом;
Темир трубалар (1 м. узундугу) :
Диаметр 25 мм - 50 сом;
Диаметр 32 мм – 60 сом;
Диаметр 50 мм – 80 сом;
Диаметр 100 мм – 150 сом;
3. Сатуудан түшкөн каражат атайын каражаттар эсебине чегерилсин жана жалпы түшкөн каражат боюнча 2019-жылдын бюджетин бекитүүдө маалымат берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Төрага | С. Наралиева |