Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 24
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 143 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине” ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 28.11.2018-жылдагы № 01-34/655 сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык:
19.01.2018-жылдагы № 143 токтомунун 2 п. статья 3113 - Шаардын борбордук бөлүгүн деталдык пландаштырууга багытталган каражаттан - 321,3 миң сом кыскартылсын;
2. Бул каражат статья 3111 боюнча “Чуй УСМ” ишканасына кредитордук карызды төлөөгө жумшалсын;
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |