Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 25
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 31.05.2018-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Мейманжанов Султангазы Мамбетказиевич өз арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшыргандыгы эске алынсын.
2. Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 31.05.2018-жылдагы № 3 токтомунун 4 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3. Мейманжанов Султангазы Мамбетказиевичтин ордуна “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын депутаты Абышов Сулайманкул “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп шайлансын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |