Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры №1
Көк-Арт дариясынын нугунан ижарага берилип кеткен 50,84 га жер аянты жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча билдирүүнү жер маселелери боюнча башкы адис Атабаев Ашимбек жасады .Билдирүүсүндө төмөндөгүлөргө токтолду:
“ЮНИ-СТРОЙ” жоопкерчилиги чектелген Коомунун (ЖЧК) жетекчиси У.Одушевден 06.06.2018-ж арыз келип түшкөн. Арызда айыл өкмөткө караштуу Көк-Арт дариясынын нугунан 50,84 га жер тилкесин 20 жылдык мөөнөткө ижарага берүүну суранган.
Анын арызын Ленин айыл өкмөтүдө турак жай куруу үчүн жер участкаларын бөлүштүрүү,муниципалдык менчиктеги обьектилерди, жерлерди жеке менчике сатуу,ижарага берүү комиссия мүчөлөрүнүн катышуусу менен 29.06.2018-ж комиссиясынын отуруму болуп, сураган жерин 20 жылдык мөөнөткө ижарага берүү сунушун айыл өкмөт башчысына бергенбиз. Ар бир гектар жерди жылына 1000,0 сомдон ижарага берүүгө. Ошол протоколдун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан №120 12.06.2018-ж буйругу чыгып , ошол жер 20 жылга кум-шагыл аралашмасын алып, сай нугун тазалап турууга ижарага берилген деди
Күн тартибиндеги маселе боюнча чыгып сүйлөгөн депутаттар Мураталиев Б. Тойчуева А. жана Арзыматов З. ал жерди ижарага туура эмес бергенсиңер:
1. ижара акы арзан.
2. ижарага берүү мөөнөтү 5 жыл эмес 20 жылга экен. Ошондуктан алар менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу керек деген сунуш келтиришти.
Ошондой эле күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Джелчемышев У., Кеңешбаев М., Сатымкулова Т., Койчуманов Б., Тунгатаров А., Казакбаев К., Тургунбаева М. жана Жолборсов Э. чыгып сүйлөштү.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтү менен “ЮНИ-СТРОЙ” ЖЧКнун ортосундагы 50,84 га жер аянтын 20 жылдык мөөнөткө ижарага берүү келишими жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы агрардык маселелер боюнча турктуу комиссясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы М.Кеңешбаевке тапшырлсын.
Төрага | М. Кеңешбаев |