Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 79
Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн, клубдардын Китепканалардын,балдар бакчаларынын,мектептердин жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылындагы маданият үйүнүн жана клуб, китепканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Калманбетова Жыпаркүлдүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакчалардын, мектептердин, айылдык китепканалардын, клубдардын жүргүзгөн ремонт иштеринде бир катар иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Жаштар арасында маданият үйүндө кече КВН концерттерди уюштуруу маданият үйүнүн башчысы Т.Кадырбаевге жана клубдун башчыларына милдеттендирилсин
3. Клубдун башчыларына,китепкана башчыларына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы белгиленсин.
-айылдардагы китепканаларда жаштардын жана билим беруунун проблемалары боюнча тематикалык кечелерди өткөрүү;
-клубдардын айланасын ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүү жана тазалыгын сактоо.
-2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылында мекеме уюмдарда, мектептерде мамлекеттик сынактарды өткөрүү (ыр кесе, КВН, улуттук үрп –адаттар,каада салттар,улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү ж.б.)
4. Мектеп,бала бакчалардын айрым жетишпеген иштери боюнча демөөрчүлөр менен иш алып баруу, иш жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна жана бала бакча жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге керектүү эмеректер жана шаймандар менен камсыз кылуу жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
6. Берилген акча каражатынын жумшалуусу боюнча отчетторун өз убагында берүүсүн камсыз кылуу жагы мектеп директорлоруна,балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |