Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 80
Үч-Терек айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 9 айында тартылган инвестиция боюнча иштеринин жүрүшүн кароо жана БУУнун Азык-Түлүк Программасына сунушталган долбоорлор жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 9 айында инвестиция тартууда төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
- Артыкбаев мектебинин ашканасын ремонттого жалпы бюджеттен 94,0 (токсон төрт миң) сом, МерсиКОдон 236,0 (эки жүз отуз алты миң) сом жалпы суммасы 330.0 (үз жүз отуз миң) сомдук иш аткарылган.
- Токторалиев мектебинин ашканасын ремонттого жалпы бюджеттен 100.0 (жүз миң) сом, МерсиКОдон 331418 (үч жүз отуз бир миң төрт жүз он сегиз) сомдук иш аткарылган.
- Нургазиев орто мектебинин ашканасын ремонттон өткөрүүгө жалпы бюджеттен 130.0 (жүз отуз миң)сом,Социалдык өнүгүү башкармалыгынан 100.0 (жүз миң) сом,БУУнан 110.0 ( жүз он миң ) сом,жалпы суммасы 340,0 (үч жүз кырк миң) сомдук иш аткарылган.
ӨКМ тарабынан Кызыл-Ураан айылындагы Боз-Тектир асма көпүрөсүнө 1920,0 ( бир миллион тогуз жүз жыйырма миң)сомдук жумуш аткарылууда,жумуштун 90 % бүткөн.
Жетиген айылынын 5 көчөсүнө жалпы узундугу 3600 метр аралыкка 1501.0 (бир миллион беш жүз бир миң) сомдук жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жетиген айылынын К.Жуманазаров көчөсүн 900 метр аралыгын асфальтоо иштери башталды.
«Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата айыл өкмөтүнүн кайрылуусун эске алуу менен транспорт министрлиги 3940,0 (үч миллион тогуз жүз кырк миң ) сомдук каражатты капиталдык салымдын эсебине киргизип берген.
Алтын кенин изилдөөчү ОсОО «Пиц Корунд» ишканасынан демөөрчүлүк максатта мектептер үчүн 100,0 (жүз миң) сом акча каржатын бөлүп берген.Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусунан «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата Үч-Терек айылынын тургуну ОсОО «Уулкан» ишканасынын жетекчиси Маметакунова Уулканга жылдык пайызы 6% өлчөмүндө 380,0 (үч жүз сексен миң) сомдук жүндү кайра иштетүү цехи алынып келинди. Атайын фонддон 4050 (төрт миллион элүү миң) сом 2018-жыл үчүн каражат бөлүнгөн.Жалпы 12992918 (он эки миллион тогуз жүз токсон эки миң тогуз жүз он сегиз) сомдук инвестиция тартылган.
БУУ Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасына айыл өкмөт боюнча 9 долбоордон 8 долбоор жактырылган. 8 долбоорго 132 адам убактылуу жумуш оорду менен камсыз болот. Жактырылган 8 долбоордун жалпы суммасы 1104660 (бир миллион жүз төрт миң алты жүз алтымыш) сом .
Жогорудагылардын негизинде Үч-Терек айылдык кеӊешини VII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 9-айында инвестиция тартуу жана инвесторлор менен иштөөдө алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. 2018-жыл ичинде аткарыла турган долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу, инвесторлор менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |