Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 81
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга Республикалык бюджеттен кошумча берилүүчү каражаттан (средства передаваемое) жана атайын фонддон келген акча каражатын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга Республикалык бюджеттен кошумча берилуучу каражаттан (средства передаваемое) жана атайын фонддон келген акча каражатын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмунүн башчысы К.Көкөевдин билдируусун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансы Министрлигинен келген кошумча каражатҮч-Терек айылына мини кичи футбол аянтчасын куруу үчүн (средство передоваемый) Аппараттын 3111 статьясына 2000,0 (эки миллион мин) сом акча каражаты бекитилсин.
2. Атайын фонддон Үч-Терек айылына курулган спорт комплекстин үстүн жабууга каралган 1000,0 (бир миллион) сом курулуштун долбоору даярдалбагандыгына байланыштуу Үч-Терек айылынын А. Жээналиев көчөсүнө түнкү жарыктандырууга Аппараттын атайын каражатынын 3111 статьясына 1000,0 (бир миллион) сом бекитилсин.
3. Жергиликтуу бюджеттен каралуучу акча каражаттан Аппараттын 28241100 статьясына 155,0 сом, 22221100 статьясына 170,0 сом, 2211 статьясына 80,0 сом, 2721 статьясына 377,2 сом башталгыч мектептердин 2231 статьясына 50,0 сом, балдар бакчаларынын 2231 статьясына 200,0 сом, орто мектептердин 2231 статьясына 300,0 сом акча каражаты каралсын.
4. Жетиген айылынын түнкү жарыктандыруусунан үнөмдөлгөн 285700 сом акча каражатын, Кызыл-Ураан айылынын Бостектир участкасына Асма көпүрө куруу үчүн аппараттын 3111 статьясына 161200 сом, көмүр сатып алууга орто мектептердин 2224 статьясына 45000 сом, башталгыч мектептердин 2224 статьясына 11250 сом, балдар бакчасынын 2224 статьясына 11250 сом, клубдун 2224 статьясына 4500 сом,мектептердин трансформаторлоруна тетик сатып алуу үчүн орто мектептердин 2222 статьясына 34500 сом, аппараттын 2222 статьясына 18000 сом акча каражаты каралсын.
5. Сметада каралган акча каражатын статьялар боюнча өз убагында жумшоо жагы башкы бухгалтер К.Көкөевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет комиссиясынын төрагасы У.Сулаймановго тапшырылсын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |