Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 83
Кызыл-Ураан айылынын тургуну Өмүралиев Аргенге Кызыл-Ураан айылынын КРС участкасында ата-бабасы жашап келген короолонгон жерди бак-дарак тигип өздөштүрүү үчүн макулдук берүү жөнүндө
Күн тартиби боюнча айылдык кенештин төрайымы Сейдалиева Жаркынайдын сунушун угуп жана талкуулап, эл депутаттарынын Уч-Терек айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын КРС участкасында ата-бабасы жашап келген короолонгон 0,80 га жерди бак-дарак тигипөздөштүрүү үчүн Өмүралиев Аргенге берүүгө макулдук берилсин.
2. Суралган жер аянтын мыйзам чегинде документтештирип берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси К.Абазовдон суралсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |