Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 85
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн вет.адиси К.Жумабековдун пайдасына Токтогул шаардык сотунун 29.05.2017-жыл күндөгү Чечиминин негизинде 327228 сом 24 тыйынды жергиликтүү бюджеттен 2721 статьясына карап берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп ,Токтогул шаардык сотунун 29.05.2017-жыл күндөгу Чечимин эске алып жана талкуулап VII-чакырылышынын кезектеги ХХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн вет.адиси К.Жумабековдун пайдасына Токтогул шаардык сотунун 29.05.2017-жыл күндөгу Чечиминин негизинде көрсөтүлгөн 327228 (үч жүз жыйырма жети миң эки жүз жыйырма сегиз миң) сом 24 тыйын акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2721 статьясына каралып бекитилсин.
2. Көрсөтүлгөн 327228 (үч жүз жыйырма жети миң эки жүз жыйырма сегиз миң) сом 24 тыйынды жергиликтүү бюджеттен 2721 статьясына которуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевке жана башкы бухгалтер К.Көкөевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |