Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 86
Үч-Терек айылынын «Мастерской» участкасындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 924 чарчы метр жер аянтын чектеп берүү боюнча макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-статьясына ылайык жана 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп атаган.Кыргыз Республикасынын Прездентинин жарлыгынын алкагында ,Үч-Терек айылынын жалпы жаштарынын кайрылуусун негиздеген айыл өкмөттүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын «Мастерской» участкасындагы муниципалдык менчикте турган жерден 924 чарчы метр жер аянты кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына тиешелүү документатцияларын бүтүрүп берүү жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |