Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 44
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак - Терек айылындагы Сейталиева Айна атындагы “Алтын Уя” бала бакчасын кышкы жылытууга көмүр маселесин чечип берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак - Терек айылындагы Сейталиева Айна атындагы “Алтын Уя” бала бакчасын кышкы жылытууга көмүр маселесин чечип берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак - Терек айылындагы Сейталиева Айна атындагы “Алтын Уя” бала бакчасын кышкы жылытууга көмүр менен камсыз кылынсын.
2. Көмүр менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарынан алуу жагы ФЭБ башчысы Н.К.Ишебаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. А. Мокеев |