Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры № 51
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү максатында Эл депутатарынын Жаргылчак айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2. Жобого ылайык Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүү милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн адиси Акматов Н. милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековко милдеттендирилсин.
Төрага | К. А. Мокеев |
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVII чакырылышынын
кезексиз сессиясында
“28”____11____2018-жыл
№ 51 токтому менен бекитилди.
Төрагасы: К.А.Мокеев
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун
тартиби жөнүндө типтүү жобо
1. Бул жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
-Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын чечиминин (1-тиркеме);
- транспорт каражаттарынын техникалык абалынын актынын (2-тиркеме);
- Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар (3-тиркеме).
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия). Комиссиянын курамына Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, жергиликтүү кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын бир тууган эже-сиңди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери,
транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) баалоо протоколун түзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Ушул менен баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган пайызга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
10. Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтү сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада (4-тиркеме) бекитет.
Бул учурда:
- 1 нускасы Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө калат;
- 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
- 1 нускасы сатуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.