Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры № 52
Жаргылчак айыл өкмөтүндө дем берүүчү гранттын каражаты менен Ак-Терек айылындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Айыл өкмөтүндө, дем берүүчү гранттын каражаты менен Ак-Терек айылындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын чатырын, эшиктерин алмаштыруу, имараттын бөлмөлөрүн, жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү жана аймагын көрктөндүрүп, тиешелүү жерлерине брусчатка орнотуу үчүн даярдалган долбоорду ишке ашыруу максатында, Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII чакрылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө дем берүүчү гранттын каражаты менен Ак-Терек айылындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын чатырын, эшиктерин алмаштыруу, имараттын бөлмөлөрүн, жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү жана аймагын көрктөндүрүп, тиешелүү жерлерине брусчатка орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 480 220 сом 37 т. акча каражаты бөлүнсүн.
2. Аталган токтомКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн адиси Акматов Н. милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. А. Жаныбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. А. Мокеев |