Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры № 58
Кичи-Жаргылчак айылындагы жаңы конуштагы көчөлөргө номерлерди тууралап, тактап коюп берүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Кичи-Жаргылчак айылындагы жаңы конуштагы көчөлөргө номерлерди тууралап, тактап коюп берүү үчүн комиссия түзүү максатында Эл депутатарынын Жаргылчак айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Жаргылчак айылындагы жаңы конуштагы көчөлөргө номерлерди тууралап, тактап коюп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн жер, турак жай адиси Төлөков У.П. жана айыл башчысы Бакчиев С. милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго тапшырылсын.
Төрага | К. А. Мокеев |