Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры № 59
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жеке сайтын ачуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жеке сайтын ачуу үчүн акча каражатын бөлүү максатында Эл депутатарынын Жаргылчак айылдык КеңешининXXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жеке сайтын ачуу үчүн айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн адиси Акматов Н. милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековко милдеттендирилсин.
Төрага | К. А. Мокеев |