Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-октябры № 60
Райондук мамлекеттик администрациясынын 12.11.2018-жылдын № 02-26/2226 каты менен келген Региондорду өнүктүрүү жылында айыл аймактарындагы калкка акы алып кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын райондордогу филиалдарынын имараттарын, эмеректерин, кардарларга кызмат көрсөтүүчү жайлардын абалын жакшыртуу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын имараттарын, эмеректерин, кардарларга кызмат көрсөтүүчү жайлардын абалын жакшыртуу максатында Эл депутатарынын Жаргылчак айылдык КеңешининXXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын имараттарын, эмеректерин, кардарларга кызмат көрсөтүүчү жайлардын абалын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 2019-жыл ичинде ар бир айылдын өз эсебинен тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтомКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн адиси Акматов Н. милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековко милдеттендирилсин.
Төрага | К. А. Мокеев |