Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 98
Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин ЖтКнин жана Ветсервистин кызматкерлерин иштөө аракеттерин унгулаштыруу жөнүндө
Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин ЖтКнин жана ветсервистин кызматкерлеринин иштөө аракеттери жөнүндө жайыт комитетинин башчысынын билдирүүсүнөн угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XХ- кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин ЖтКнин жана ветсервистин кызматкерлеринин иштөө аракеттерин иреттештирүү жайыт комитетинин башчысы менен айыл өкмөттүн ветеринардык адисине милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Иметов |