Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 101
Ак-Татыр айыл аймагындагы «Андиген таза- суу» таза суу пайдалануучулар ишканасына иш жүргүзүү аймагын бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл аймагында « Андиген таза суу» ишканасынын уюшкандыгына байланыштуу ишкананын жетекчиси И. Омуровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XХ- кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл аймагында «Андиген таза-суу» ишканасына иш жүргүзүү үчүн Ак-Татыр айыл аймагынан өткөн Ворух- Шураб суу трассасыдан 2,5 километр аралык, Андиген –Самаркандек суу трассасынана 20 километр аралык бекитилип берилсин.
2. Керектүү документтерди даярдап берүү жагы Баткен райондук Архитектура менен Мамлекеттик каттоо бөлүмдөрүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Иметов |