Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 102
Ак-Татыр айыл аймагындагы «Андиген таза- суу» таза суу пайдалануучулар ишканасынын таза суу үчүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл аймагында « Андиген таза суу» ишканасынын уюшкандыгына байланыштуу ишкананын жетекчиси И. Омуровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XХ- кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл аймагында «Андиген таза-суу» ишканасына иш жүргүзүү үчүн Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарынын жашоочулары , Андиген –Самаркандек суу трассасынана 20 километр аралыгыдан, Шураб – Ворух трассасынын 2,5 километр аралыгындагы участоктон таза сууну колдонушкан суу пайдалануучулары үчүн 2018-жылга тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тарифтеги жыйымдарды топтоодо жана сарптоодо ишкананын комиссиясына айыл өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Иметов |
“ Андиген таза суу” таза суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин Ак-Татыр жана Орто-Боз
айылдарынын таза суу пайдалануучулары үчүн 2018-жылга төлөмдөр тарифи
№ | Суу пайдалануунун түрлөрү | Бир айга( сом) | Бир жылга(сом) | эскерүү |
1 | Жалпы суу пайдалануу-чулар үчүн (бир адамга) | 10 | 120 | Келишим түзүлөт |
2 | Короо жай, огородко суу киргизилген суу түтүктөрү-нө (мыйзам чегинде киргизилгенде) | 150 | 1800 |
Келишим түзүлөт
|
3 | Мектеп, бала бакчалары жана ФАПтар үчүн | 200 | 2400 | Келишим түзүлөт |
4 | Баня жана комерсиялык өндүрүштүк ишканалар үчүн | 400 | 4800 | Келишим түзүлөт |
5 | Кафе жана ашканалар үчүн | 300 | 3600 | Келишим түзүлөт |
6 | Суу түтүктөрүн жаӊыдан туташтыруучулар үчүн баштапкы төлөм | 5000 | Туташтырганда бир жолу алынат | Келишим түзүлөт |
“Андиген таза суу” коомдук бирикмесинин башчысы И. Омуров