Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-ноябры № 105
Аксакалдар сотунун маселелери жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүндө аксакалдар сотунун иштерин жандандыруу максатында Ак-Татыр айылдык кеӊешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагыда аксакалдар сотунун иштерин жандандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана Этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/88 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотунун Типтүү регламентине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун регламенти бекитилсин.
2. Ак-Татыр айыл аймагынын аксакалдар соту регламентке ылайык айылдык кеӊештен каттоодон өтсүн.
3. Ак-Татыр айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамы беш кишиден болуп бекитилсин.
4. Айылдык кеӊештен каттоодон өткөндөн кийин айыл өкмөт тарабынан аксакалдар сотуна анын аты жазылган мөөр алып берилсин.
5. Айыл өкмөттүн буйругу менен аксакалдар сотунун отурумдарын өткөрүү үчүн жана аксакалдар соту караган иштер боюнча материалдарды, эсептик каттоо тууралуу күбөлүгүн ,мөөрүн жана аксакалдар сотунда кабыл алынган материалдарды эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер, аксакалдар сотунда иштерди кароого катышуу үчүн адамдарга жиберилген кабарламалар ж.б. маселелер боюнча журналдарды сактоо үчүн атайын бөлмө ажыратылсын.
6. Аксакалдар соту Регламентке ылайык иш алып барсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрага | М. Иметов |