Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-ноябры № 106
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүндө аксакалдар сотунун иштерин жандандыруу максатында Ак-Татыр айылдык кеӊешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагыда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана Этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрыдагы №01-18/126 буйругун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобого ылайык Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча курамы 9 кишиден турган 4 адам-айыл окмөтүнүн депутаттары, жер адиси, участкалык милиция кызматкери, 3адам ишкер жана коомдук иштерге катышып жүргөн аялдардан Комиссия түзүлсүн.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия Типтүү жобого ылайык иштеп чыккан жобосу бекитилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүн КРнын конституциясын, КРнын бузуулар жөнүндө кодексин, КРнын жазык кодексин, КРнын Жоркутар жөнүндө кодексин,КРнын Жазык-прооцестик кодексин, КРнын Жазык-аткаруу кодексин, «Пробаия жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздер жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алуу менен иш алып барсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрага | М. Иметов |