Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 18/ 61
Кош-Дөбө айыл аймагында 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аткарылган иштер тууралу
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылАймактарды өнүктүрүү жылына каратасоциалдык экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы тууралу айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча: 2018-жылга карата Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү, жайыттарга барчу, жана айыл аймактагы жолдорду оңдоо ж.б. иштер аткарылгандыгы тууралу кеңири токтолду. Айыл өкмөтүндө экономиканы көтөрүү менен калктын турмушун жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүү, калкты социалдык жактан коргоо, айыл чарбасында жогорку жетишкендиктерди камсыз кылуу, жеке ишкерлерге жардам көрсөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү маданият тармактарынын иштеринин деңгээлин жогору көтөрүү, кылмыштулукту болтурбоо жана аларды алдын алуу иштерин уюштуруу максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболоттун маалыматы жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүндө экономиканы көтөрүү менен калктын турмушун жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүү, калкты социалдык жактан коргоо, айыл чарбасында жогорку жетишкендиктерди камсыз кылуу, жеке ишкерлерге жардам көрсөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү маданият тармактарынын иштеринин деңгээлин жогору көтөрүү жагы жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагында аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринин ишин жандандыруу менен алардын жоопкерчилигин арттырууну уюштуруу, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында аткаруучулук тартипти жакшыртуу, жоопкерчиликти көтөрүү жагына көңүл бурулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |