Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 18\ 62
Жергиликтүү салыктардын чогулушу, жылдык пландын аткарылышы боюнча салык инспектордун отчету
Жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй аткарылган. Баардык салыктардын түрлөрү боюнча 2018-жылга 107% аткарылды. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл ичинде айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салык инспектору Н.Узбекова тарабынан жетиштүү деңгээлде иш алып баргандыгы белгиленсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
3. Салык чогултууда салык инспекторуна көмөк көрсөтүү чогултула турган каражатты салык төлөөчүлөр менен такай байланышта болуп системалуу иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Абыкеевге тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |